Коронавирустун Чыгыш өлкөлөрүндөгү таасири

Коронавирус жан алууну улантууда.

1483503
Коронавирустун Чыгыш өлкөлөрүндөгү таасири

Жаңы тип коронавирустун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 862 230дан ашты. Бейтап саны 25 миллион 961 000ден, айыккандардын саны 18 миллион 244 000ден жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 66 491ге, бейтап саны да 3  миллион 773 000ге жогорулады.  

Россияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 17 414кө, вирус жуккан бейтап саны да 1 миллион 5000ге жетти.

Кытайда акыркы 24 саатта 8, Гонконг  автоном аймагында 12, Түштүк Кореяда 267 жаңы учур катталды. Бул бейтаптар менен кезеги менен Кытайда жалпы бейтап саны 85 миң 66га, Гонконг автоном аймагында 4 823 жана Түштүк Кореяда 20 миң 449га жетти.

Бириккен Арап Эмираттарында вирустан 384 киши каза болгон болсо вирус жуккан киши саны да 70 805ке жетти.

Йеменде 570 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 1096 болду.

Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 30 104, вирус жуккан киши саны да 1 миллион 264 417 болду.

Ушул күнгө чейин Түштүк Африкада Ковид  - 19дан 14 263 киши каза болсо, Египетте 5 421 киши, Алжирде 1518 киши каза болгон.

Бейтап саны 628 259 болгон Түштүк Африкадан кийин 99 115 бейтап Египет, 5 440 бейтап менен Марокко келди.

Маврикиде  Ковид  - 19 бейтабынын жок экендиги жана Сейшеллдер менен Эритреядан ушул кезге чейин өлүм отчету келген жок.



Тектеш кабарлар