Греция куралдуу күчтөр үчүн 10 миллиард евро бөлдү

Грек өкөмтү куралдуу күчтөрүн чыңдоо максатында 10 миллиард евро сарптоону пландап жатат.

1483472
Греция куралдуу күчтөр үчүн 10 миллиард евро бөлдү

Грек өкөмтү куралдуу күчтөрүн чыңдоо максатында 10 миллиард евро сарптоону пландап жатат.

Грек өкмөтүнөн аты билдирилбеген жетекчилер массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүлөрдө Франция жана башка өлкөлөр менен курал алуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын, бул тууралуу сүйлөшүүлөрдүн 10 -  сентябрда Корсика аралында боло турган, Европа Биримдигине мүчө Жер Ортолук деңиз өлкөлөрүнүн жыйынына чейин  өткөрүлүшүн максат кылышкандарын белгиледи.

Мамлекеттик министр Йоргос Герапетритис бир телекөрсөтүү программасында өкмөттүн куралдуу күчтөрүн жана курал - жарак өнөр жайын чыңдоо иш-аракеттеринин алкагында көптөгөн өлкөлөр менен байланышта экендигин билдирди.

Герапетритис Франциядан Рафале учактарын сатып алуу боюнча келишимдин жоктугун, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын жана максаттын грек куралдуу күчтөрүн модернизациялоо экендигин айтты.

Герапетритис Грециянын жакшы коңшулукту жактагандарын жана Түркия менен болгон байланыш каналдарынын ачык болушу керектиги боюнча көз карашын да билдирди.

Андан мурда грек медиасы Афинанын Парижден Рафале аскердик учагы менен Белхарра фрегатын алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын жазган.

Грециянын финансы министри Христос Стайкурас да коргонуу чыгымдары тууралуу берген маалыматта куралдуу күчтөрдү чыңдоо үчүн дагы көп акча жумшоого даяр экендерин билдирген.



Тектеш кабарлар