Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Өзбекстанда вирустан каза болгондордун саны 319га жетти. Өлкөдө бейтап саны 41 787ге жогорулады.

1482636
Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жаңы тип коронавирустун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 855  941ге жетти. Бейтап саны 25 миллион 694  000ден, айыккандардын саны 17 миллион 994 000ден ашты.

Индияда жаңы тип коронавирустан улам 65 bin 725 каза болду. Бейтап саны 3 миллион 715 000ге жетти.  

Кытайда акыркы 24 саатта  10, Гонконгдо 9, Түштүк Кореяда 235 жаңы учур катталды. 

Молдовада эпидемиядан 995 киши көз жумду. Өлкөдө бейтап саны 920га жогорулады. 

Ковид  - 19дан улам 681 киши каза болгон Белорусияда бейтап саны 71 843 болду. 

Өзбекстанда вирустан каза болгондордун саны 319га жетти. Өлкөдө бейтап саны 41 787ге жогорулады. 

534 киши каза болгон Азербайжанда бейтап саны 36 435ке чыкты. 

Тажикстанда Ковид  - 19дан 68 киши көз жумду. Өлкөдөгү бейтап саны 8 583 деп билдирилди. 

Израиль блокадасы астындагы Газа тилкесинде Ковид  - 19га карата киргизилген коменданттык саат узартылды.  Газдагы Палестина саламаттык сактоо министрлиги Ковид  - 19дан улам 3 кишинин каза болгондугу, 257 кишинин вирус жугузгандыгы билдирилген. 

Индонезияда вирустун айынан ушул кезге чейин 7 417 киши  каза болуп, бейтап саны 174 796га жетти. Мамлекет башчысы Жоко Видодо Кытай жана Бириккен Арап Эмираттарынан ала турган Ковид  - 19 вакцинасын январь айында колдоно баштай тургандыгын белгиледи. 

Нигерияда Ковид  - 19дан 1013 киши каза болуп, бейтап саны акыркы 24 саатта 143кө көбөйүп 54 миң 8ге жогорулады. 

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 29 862ге жетти. Материкте вирус жуккан киши саны да  1 миллион 257 316 болду. Ушул күнгө чейин Ковид  - 19дан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада 14 миң 149 киши каза болсо Египетте 5 421, Алжирде 1510 киши көз жумган.



Тектеш кабарлар