Байден алдыда, Трамп кууп баратат

АКШда 59 -  президенттик шайлоо 2020 -  жылы 3 -  ноябрь шейшемби күнү өткөрүлөт.

1482757
Байден алдыда, Трамп кууп баратат

АКШда  3 -  ноябрда боло турган президенттик шайлоо жарышынын сурамжылоолорунда демократ талапкер Жо Байден алдыга чыгып, учурдагы президент жана республикачылдардын талапкери Дональд Трамптын өзгөчө орчундуу аймактарда айырмачылыкты жапкандыгы көрүнүүдө.

Өлкөдө демократтардын талапкери Жо Байден менен учурдагы президент Дональд Трамптын партияларынын курултайларында расмий түрдө президенттикке талапкер болгондон кийин шайлоо  атмосферасында бардык көңүлдөр сурамжылоолорго бурулду.

АКШда  ишенимдүү деп кабыл алынган саясий анализ сайты Real Clear Politics чогулткан актуалдуу сурамжылоолорго караганда жалпы өлкөдө демократ талапкер Байден Трамптан орточо 6,9 пайыз алдыда баратат.

Байдендин 28 -  июлда улуттук масштабда 9 пайыз алдыда экендигине  көңүл бурулганда Трамптын акырындап  болсо да айрмачылыкты жапкандыгы көрүнүүдө.

АКШда 59 -  президенттик шайлоо 2020 -  жылы 3 -  ноябрь шейшемби күнү өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар