Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү таасири

Коронавирус Чыгыш өлкөлөрүн тийгизген таасирин улантууда.

1481953
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү таасири

 Жаңы тип коронавирустун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 850  797ге жетти. Бейтап саны 25 миллион 403 000ден, айыккандардын саны 17 миллион 714 000ден ашты.

Жаңы тип коронавирустан улам акыркы 24 саатта Индияда 971 киши каза болду. Ушундайча өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 64 646га жогорулады. Индияда акыркы 24 саатта 78 215 жаңы учур каталып, бейтап саны да 3 миллион 621 624000ге жетти.

Россияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 17 176га жетти. Өлкөдөгү бейтап саны да 995 319га жогорулады. 

Иракта жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны  6 959га жетти. Саламаттык сактоо жана экология министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта акыркы 24 саатта жалпы өлкөдө 3 731 кишиде дагы вирустун аныкталгандыгы жана бейтап саны 231 177ге жогорулаганы белгиленди.

Оманда коронавирустан каза болгондордун саны 677ге жетип, бейтап саны да 85 544кө жетти. 

Иорданияда ушул кезге чейин вирустан 15 киши каза болду. Өлкөдөгү бейтап саны 1966ка жогорулады. 

Кытайда 24 саатта 17, Түштүк Кореяда 248 жаңы учур катталды. 

276 киши коронавирустан каза болгон Ганада мамлекет башчысы Нана Акуффо  -  Аддо улутка кайрылуу сөзүндө өлкөдө 5 ай мурда Ковид  - 19дан жабылган аэропорттордун 1 -  сентябрдан тарта коммерциялык каттамдарга кайрадан ачыларын жарыялады. Акуффо  -  Аддо өлкөнүн кургактык жана деңиз чектерин жабууну улантышарын айтып, мектептердин да 2012 -  жылы январь айында ачыларын белгиледи. 

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 29 633кө жетти. Материкте вирус жуккан киши саны да 1 миллион 250 375 болду. Ушул күнгө чейин Ковид  - 19дан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада 14 миң 28 киши каза болсо Египетте 5 399, Алжирде 1501 киши көз жумган.



Тектеш кабарлар