Белорусияда нааразычылык акциялары улантылууда

Белорусияда президенттик шайлоого нааразычылык билдирүү  үчүн президенттик сарайга карай жүрүүнү каалаган митингчилерге полиция тоскоол болду.

1481763
Белорусияда нааразычылык акциялары улантылууда

Белорусияда президенттик шайлоого нааразычылык билдирүү  үчүн президенттик сарайга карай жүргөн митингчилерге полиция тоскоол болду.

Борбор шаар Минскте Көз карандысыздык аянтында коопсуздук күчтөрү чолугулууга уруксат бербеген митингчилер колдорунда Белорусиянын 1995 -  жылдан мурунку ак -  кызыл -  ак түстүү байрактары менен Стелла аянтына карай жүрүштү.

Аскерлер тикендүү зымдар менен курчоого алынган Стелла аянтындагы эстеликтин алдында күтүп, митингчилерди бул аймакка жакындаткан жок. Коопсуздук күчтөрү зооттолгон унаалардын үстүндө үн күчөткүчтөр менен митингчилерди эскертип турушту.

Аянтта чогулган миңдеген киши андан кийин президенттик сарайга карай жүрдү.

Коопсуздук күчтөрү калкандар жана полиция унаалары менен баррикада куруп президенттик сарайга кеткен жолду жапты. Баррикаданын артында аскердик зоттолгон унаалардын күтүп жаткандыгы көрүлдү.

Баррикаданын астында чогулган митингчилер 66  жашка чыккан Президент Александр Лукашенкого каршы ураандар менен жүрүштү. Андан кийин жамгырдын башталышы менен митингчилердин көпчүлүгү таркашты.  

Шаар борборунда нааразылычык акциялары башталган сааттарда үзгүлтүккө учураган мобилдик интернет кайрадан калыбына келтирилди.

Ички иштер министрлиги Минсктеги нааразычылык акцияларында 140 кишинин камоого алынганын жарыялады.

Белорусия териштирүү комитетинен берилген маалыматта болсо нааразычылык акциясы  учурунда 150гө жакын мамлекеттик кызматкердин коркутууларды алгандыгы белгиленди.

Белорусияда 9 -  августта болгон президенттик шайлоодон учурдагы президент Александр Лукашенконун ийгиликтүү чыгышы менен "шайлоо манипуляцияланды" деген негиз менен нааразычылык акциялары башталган.

 



Тектеш кабарлар