Суданда Нил дарыясы ташып жүздөгөн үй кулады

Хартумдун түштүгүндөгү Эль-Келакла аймагында үч күн бою катуу жааган жамгырдын кесепетинен Нил дарыясындагы суунун деңгээли кылымдын эң жогорку деңгээлине жеткен.

1481511
Суданда Нил дарыясы ташып жүздөгөн үй кулады

Судандын баш калаасы Хартумда Нил дарыясындагы суунун көтөрүлүшүнөн улам ташкындап, жүздөгөн үй кыйрады.

Хартумдун түштүгүндөгү Эль-Келакла аймагында үч күн бою катуу жааган жамгырдын кесепетинен Нил дарыясындагы суунун деңгээли кылымдын эң жогорку деңгээлине жеткен.

Суунун деңгээли көтөрүлүп, суу ташкыны болуп, жүздөгөн үйлөр талкаланды.

Судандын Эгемендик Кеңешинин төрагасы, генерал Абдулфеттах аль-Бурхан жогорку кызмат адамдары менен кырсык болгон аймакка барды.

Бул жердеги билдирүүсүндө, Эл-Бурхан аймактын калкы үчүн чатырларды тез арада тигүүгө буйрук берди.

1-августтан бери өлкө боюнча нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкынынан 86 адам каза болду.

Судан Метеорология мекемеси, жаан-чачындар бүгүн да уланат, айрыкча суу каналдарына жакын аймактарда жашагандар, сактануу керек деп эскертти.



Тектеш кабарлар