СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 846 миң 795 адамды түздү.

1481482
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
radar covid.jpg
covid19 meksika
covid-19.jpg
super covid19 fransa

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 846 миң 795 адамды түздү. Жуктуруп алгандардын саны 25 миллион 170 миң 255тен ашты жана айыгып кеткендердин саны 17 миллион 510 миң 70тен ашты.

Эпидемияга көбүрөөк дуушар болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны 186 миң 855ке жетти, ал эми жуктургандардын саны 6 миллион 139 миң 78 болду.

Бразилияда 858 адамдын каза болушу менен жалпы каза болгондор 120 миң 452ге чейин жогорулады. Өлкөдөгү оорулардын саны 3 миллион 846 миң 965 болду.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан каза болгондор 673кө көбөйүп, 63 миң 819га жетти. Өлкөдөгү жуктурган учурлардын саны 591 миң 712 деп катталды.

Эпидемиянын Европадагы чордону Англияда каза болгондордун саны 41 миң 498 адам жана илдетке чалдыккандардын саны 332 миң 752. Саламаттыкты сактоо министри Мэтт Ханкок Ковид-19 учуру дагы көбөйгөнүн айтып, «Кийинки жумада мектептердин ачылышы менен эпидемиянын жайылышын токтотуу кыйын болуп калышы мүмкүн»,- деди.

Францияда вирустан 30 миң 602 өлүм жана 272 миң 530 учур катталган. Ковид-19 эпидемиясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында, бет каптын милдеттүү түрдө тагынылышына нааразы болгон борбор Парижде демонстрация болуп өттү. Элдердин аянтына 300гө жакын активисттер чогулуп, беткаптарды милдеттүү түрдө колдонууга каршы чыгышты. Беткапка каршы ураандарды кыйкырып, транспаранттарды көтөрүп чыккан демонстранттар Ковид-19га каршы беткаптарды колдонуунун эч кандай илимий негизи жок деп айтышты.

Австралияда акыркы 24 саат ичинде Ковид-19дан дагы 11 адам каза болуп, адамдардын өлүмү 611ге жетти. Өлкөдө ушул кезге чейин 25 миң 670 адам вирус жуктурган.



Тектеш кабарлар