Украина Белорусия менен карым - катнаштарын убактылуу токтотту

Украинанын тышкы иштер министри Димитро Кулеба өлксөнүн Белорусия менен карым – катнаштарын убактылуу токтотконун жарыялады.

1480956
Украина Белорусия менен карым  - катнаштарын убактылуу токтотту

Украинанын тышкы иштер министри Димитро Кулеба өлксөнүн Белорусия менен карым – катнаштарын убактылуу токтотконун жарыялады. Кулеба  1 + 1  каналына берген маалыматта : «Процессти иликтеп жатабыз. Байланыштардын Украинанын саясий жана моралдык кадыр - баркын жоготпой тургандыгына ишенсек, мамилелер кайрадан жанданат",- деди.

Белорусия  тарабы менен  бардык байланыштарды токтотконун белгилеген Кулеба Минскте өткөн Донбас кризиси тууралуу сүйлөшүүлөрдү  башка бир жерге алып баруу маалыматын да берди.

Белорусияда  9 -  августта президенттик шайлоодон учурдагы президент Александр Лукашенконун ийгиликтүү чыгышы менен «шайлоону манипуляциялады» деген айып менен нааразычылык акциялары башталган.

Белорусия коңшулары Украина, Польша жана Литва менен Батыш өлкөлөрүн митингдерди колдоп, өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү менен күнөөлөгөн.



Тектеш кабарлар