Япониянын премьер - министри кызматынан кетти
Акыркы медициналык текшерүүдөн кийин оорусунун кайрадан күч алганын айткан Абе : «Ден соолугумудун кайрадан бузулганын өткөн айда билдим. Бул жумада жаңы тест жасалды»,- деди.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Япониянын премьер - министри Шинзо Абенин кызматтан кетишинин өкүнүчтүү экендигин белгиледи. Чавушоглу твиттерден берген маалыматта : «Түркия менен Япониянын ортосундагы карым - катнаштардын өнүктүрүлүшүнө чоң салым кошкон премьер - министр Абенин ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетиши өкүнүчтүү»,- деди.
Министр Чавушоглу Абеге Түркия - Япония карым - катнаштарына кошкон салымы үчүн ыракмат айтып, бат айыгып кетишин каалашкандарын да билдирди.
Японияда премьер - министри Шинзо Абе ден соолугун негиз катары көрсөтүп 2012 - жылдан бери аткарып келе жаткан премьер - министрлик кызматынан кеткендигин билдирген болчу.
Акыркы медициналык текшерүүдөн кийин оорусунун кайрадан күч алганын айткан Абе : «Ден соолугумудун кайрадан бузулганын өткөн айда билдим. Бул жумада жаңы тест жасалды»,- деди.
«Мамлекет башкаруусунда жыйынтык маанилүү. Туура чечим чыгара албай жатам»,- деген Абе 7 жыл 8 ай аткарган ишин улантпоо чечимин чыгарганын айтты.
Дарыланып жаткан учурда ишин улантуу ыктымалынын суралуусу боюнча : «Оорумдун так айыгып кетишинин кепилдиги жок. Парламенттин ачылышы жакындап келе жатат. Арыз берүүнүн ылайыктуу убакыт экендигин ойлодум»,- деп жооп берди.
Улуттук басма сөздөгү кабарларда июль айында Абенин премьер - министрлик резиденциясында кан кускандыгы белгиленген.
Киодо агенттигинин билдиргенине караганда жылда эки жолу дарыланган 65 жаштагы Абе айдын башынан бери бир нече медициналык текшерүүдөн өткөн. Абе 2006 - жылы биринчи жолу аткарган премьер - министрлик кызматынан «ичеги - карын сезгенүүсүнөн» улам 2007 - жылы да кеткен. Ал мезгилде жаңы бир дарылоо методу менен ооруну жеңгендигин белгилеген Абе оболу Либерал демократия партиясынын лидерлигине жана 2012 - жылы да премьер - министрлик кызматына кайтып келген.