Грек парламенти Египет менен өзгөчө экономикалык аймак келишимин бекитти

Греция парламенти Италия менен Ион деңизи үчүн кол коюлган өзгөчө экономикалык аймак келишимин мурунку күнү бекиткен.

1480635
Грек парламенти Египет менен өзгөчө экономикалык аймак келишимин бекитти

Греция парламенти Египет менен Чыгыш Жер Ортолук деңиз үчүн кол коюлган өзгөчө экономикалык аймак келишимин бекитти.

Афина башкаруусунун Египет менен түзгөн деңиз  аянттарын чектөө келишими 178 «кабыл», 26 «кабыл эмес» жана 81 арсар добуш менен кабыл алынды.

Өткөрүлгөн биринчи ачык добуш берүүдө  бийликтеги Жаңы демократия партиясы менен Өзгөрүү кыймылы партиясы келишимге «кабыл» добуш берсе, Греция коммунисттик партиясы, Грек чечими партиясы менен Мера 25 партиясы «кабыл эмес» добуш берди.  Негизги оппозиция партиясы Сириза болсо Египет менен түзүлгөн келишимден «баш тартууга» добуш берди.

Афина башкаруусу 9 -  июнда Италия, 6 -  августта болсо Египет менен өзгөчө экономикалык аймак келишимин түзгөн.

Түрк тышкы иштер министрлиги Греция менен Египеттин ортосундагы өзгөчө экономикалык аймак келишимине байланыштуу : «Кол коюлгандыгы билдирилген деңизде чектерди белгилөө  келишими Түркия үчүн жокко эсе. Бул түшүнүгүбүз аянтта жана столдо ортого салынат»,- деп билдирген.

Греция парламенти Италия менен Ион деңизи үчүн кол коюлган өзгөчө экономикалык аймак келишимин мурунку күнү бекиткен.



Тектеш кабарлар