Германия Чыгыш Жер Ортолук деңизде диалог чакырыгын кайталады

Меркель салттуу жайкы маалымат жыйында билдирүү жасады.

1480879
Германия Чыгыш Жер Ортолук деңизде диалог чакырыгын кайталады

Германиянын канцлери Ангела Меркель, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалууну диалог аркылуу азайтууга болоорун  билдирди.

Меркель салттуу жайкы маалымат жыйындагы билдирүүсүндө: «Мен (Түркия менен Грециянын ортосундагы) чыңалуунун күчөбөшү үчүн аракет кылдым. Бул кээде эки тараптын тең кайра-кайра сүйлөшүүсү менен мүмкүн болот. Ал жерде экономикалык аймактын үлүшүнө байланыштуу талкууларды биргелешип гана жүргүзсө болот. Германия, бул үчүн аракет кылууда»,-деди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен тез-тез сүйлөшүп тургандыгын жана Түркия менен Грециянын НАТОнун шериктеши экенине көңүл бурган Меркель: «Келишпестик НАТОнун эки мүчөсүнүн ортосунда. Бул бизди кайдыгер калтыра албайт. Ушундан улам уюмдун ичиндеги бул нерселерди тактап чыгуу керек»,-деди.

Меркель бир суроо боюнча президент Режеп Таййип Эрдоган менен учурда сүйлөшүү көздөлбөгөндүгүн белгилеп: «Бирок биз аны менен тез-тез сүйлөшүп турабыз. Адаттагыдай эле кандайдыр бир сүйлөшүү болгондо биз дароо сиздерге билдиребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар