ДСУнун башкы директору эскертти

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейсус жаңы тип коронавирус себеп болгон санаа жана коркуунун миллиондогон кишинин психологиясына тескери таасир тийгизгенин бегиледи.

1480677
ДСУнун башкы директору эскертти

 Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейсус жаңы тип коронавирус себеп болгон санаа жана коркуунун миллиондогон кишинин психологиясына тескери таасир тийгизгенин бегиледи.

Гебрейсус ДСУнун Швейцариянын Женева шаарындагы борборунда видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн пресс  - жыйынында эпидемиядан улам социалдык таасирлешүү кемчилдигинин көптөгөн кишинин психологиясына терең таасир тийгизгенин баса белгиледи.

«Ковид  - 19  себеп болгон санаа жана коркуу менен психикалык саламаттык кызматтарындагы кемчиликтерден улам миллиондогон кишинин психологиясына таасирин тийгизди»,- деген Гебрейсус карылар үйү жана психикалык оорукана сыяктуу жерлердеги кишилердин Ковид  - 19 коркунучу астында экенин баса белгиледи.

Гебрейсус психикалык саламаттык боюнча кызмат кылган мекемелердин кээ бирлеринин Ковид  - 19 бейтаптарынын дарыланышы үчүн жабылганын белгилеп : «Психикалык саламаттык ансыз да дүйнөлүк масштабда унутулган бир маселе эле. Бир миллиардга жакын киши психикалык маселени жашап жатат. Жыл сайын 13 миллион киши ашыкча ичимдик  ичүүдөн каза болуп жатат. Ар бир 40 секундда бир киши жанын кыюда»,- деди.

Сапаттуу тейлөөгө аз сандагы кишинин жетишкенин айткан Гебрейсус төмөнкү жана орто кирешелүү өлкөлөрдө акыл  -эс, неврологиялык жана банги зат колдонгон кишилердин 75 пайызынан көбүнүн дарыланбагандыгын эскертти.



Тектеш кабарлар