Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирустун жайылуусу токтой элек.

1479983
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 829 миң 742 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 24 миллион 339 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 16 миллион 877 миңден ашты.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө АКШда Ковид-19дун кесепетинен каза болгондордун саны 183 миң 653 адамга жетип, инфекцияга чалдыккандардын саны 6 миллиондон ашты. Өлкөдө медициналык аппараттарды чыгарган компания, коронавирусту табууда 15 мүнөттүн ичинде натыйжа берген көчмө антиген тесттин сатууга уруксат алды.

Коронавирус пандемиясынан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда, вирустун айынан акыркы 24 саатта 855 адам көз жумду. Ушундайча каза болгондордун саны 117 миң 756 деп катталды. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 47 миң 161ге көбөйүп 3 миллион 722 миңге жогорулады.

Мексикада Ковид-19дан дагы 626 адам каза болуп жалпы 62 миң 76га, илдетке чалдыккандарды саны болсо 5 миң 267 жаңы учур менен бирге 573 миң 888ге жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы 7 күндүн ичинде 129 адам каза болуп жалпы 28 миң 971 деп катталды. Саламаттык сактоо министрлиги, инфекция жуккан адамдардын саны 7 миң 296 жаңы учур менен бирге 419 миң 849га жеткенин билдирди.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустан 13 адам көз жумуп, илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 35 миң 458ге, жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миң 367 жаңы учур менен бирге 262 миң 540ка жетти.



Тектеш кабарлар