Ооганстанда сел кырсыгынан 70 адам каза тапты
Перван губернаторлугунун басма сөз катчысы Вахиде Шехкар кечээ эртең менен Перван провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын селге айланганын билдирди.
1479509
Ооганстандын борбору Кабулдун жанындагы Перван провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен болгон сел кырсыгынан 70 адам көз жумду.
Перван губернаторлугунун басма сөз катчысы Вахиде Шехкар кечээ эртең менен Перван провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын суу ташкынына себеп болгонун айтты.
Суу ташкынынан ушул убакка чейин 70 кишинин өмүрүн алганын айткан Шехкар, 100 кишинин жаракат алганын маалымдады.
Шехкар түшүндүргөндөй, көптөгөн үйлөр суу астында калган жана издөө-куткаруу иштери улантылууда.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.