Трамп АКШ президенттигине расмий талапкер болду

Республикачылдар учурдагы президент Дональд Трамптын президенттик шайлоого талапкерлигин расмий жарыялашты.

1478542
Трамп АКШ президенттигине расмий талапкер болду

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Республикалык партиянын «аз сандагы катышуу» менен өткөргөн курултайында делегаттар, учурдагы президент Дональд Трампты расмий түрдө партиянын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүштү.

3-ноябрда боло турган 59-президенттик шайлоого карата 4 күнгө созула турган Республикалык партиянын курултайы Түндүк Каролина штатындагы Шарлотте шаарында Ковид-19 пандемиясына байланыштуу "аз гана катышуу менен" башталды.

Курултайдын биринчи күнүндөгү добуш берүүдө президент Трамп өз партиясынын атынан президенттикке талапкер болуп тандалды.

Трамптын атаандашы Жо Байден өткөн аптада виртуалдык чөйрөдө уюштурулган Демократиялык партиянын курултайынын экинчи күнүндө (18-августта)  расмий түрдө партиянын президенттикке талапкери катары көрсөтүлгөн болчу.

Учурдагы сурамжылоолорго караганда, Демократ талапкери Жо Байден Дональд Трамптан орто эсеп менен 7,6 пайыз алдыда.



Тектеш кабарлар