Кытай Түштүк Кытай деңизинде аскердик машыгууларды баштады

Аскер-деңиз флотунун элементтери катышкан машыгуунун жуманын аягына чейин улана турганы айтылды.

1478200
Кытай Түштүк Кытай деңизинде аскердик машыгууларды баштады

Кытай, жээктеги коңшу мамлекеттер менен эгемендик талаш-тартыштарын жараткан Түштүк Кытай деңизинде бир жумага созула турган аскердик машыгууларды баштады.

Жээк Коргоо администрациясы өз билдирүүсүндө, аймактагы жарандык жана аскердик кемелерди машыгуу аймагынан 5 миль (9,26 чакырым) алысыраак сүзүп өтүүнү эскертти.

Билдирүүдө аскер-деңиз флотунун элементтери катышкан машыгуунун жуманын аягына чейин улана турганы айтылды.

Пекин администрациясы, июль айынын аягында да аймакта алыс аралыкка бомбалоочу жана башка учактар ​​менен аскердик машыгуу өткөрүп жаткандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар