Ооганстандагы жарылуу 7 жарандын өмүрүн алды
Бул тууралуу Газне губернаторлугунун өкүлү Вахидулла Жумазада басма сөзгө маалымат берди.
1477656
Ооганстандын Газне провинциясындагы жарылуудан 7 жаран каза болду.
Газне губернаторлугунун өкүлү Вахидулла Жумазада басма сөзгө берген маалыматында Газне Чагату районундагы Дере-Кыяк аймагында жолдун жээгине коюлган бомба жарандарды ташыган унаа аймактан өтүп бара жатканда жарылганын билдирди.
Жумазаданын айтымында, жарылуудан 7 жаран каза таап, анын ичинде балдар да көз жумган.
Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок.