Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Коркунучтуу вирус дагы деле жайылып жатат.

1477541
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 808 миң 715 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны 23 миллион 383 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны болсо 15 миллион 910 миңден ашты.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө АКШда Ковид-19дан каза болгондордун саны 180 миң 174, вирусту жуктурган адамдардын саны болсо 5 миллион 841 миң деп катталды.

Ковид-19 пандемиясынан эң көп жапа чеккен экинчи өлкө Бразилияда каза болгондордун саны 114 миң 277ге жетти. Өлкөдөгү жуктурган учурлардын саны болсо 3 миллион 582 миң болду.

Мексикада Ковид-19дан каза тапкандардын саны 60 миң 254 адамды түздү. Ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 556 миң 216га жогорулады.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда каза болгондордун саны 41 миң 423, жуктурган учурлардын саны 324 миң 601 деп катталды.

Италияда акыркы 24 саатта 3 адам көз жумуп, коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 35 миң 430га, илдетти жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миң 71 жаңы учур менен бирге 258 миң 136га көбөйдү.



Тектеш кабарлар