СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 803 803 адамдан ашып түштү.

1477361
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
radar covid.jpg
covid -19.jpg
covid19 meksika
covid-19.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 803 803 адамдан ашып түштү. Жуктуруп алган адамдардын саны 23 миллион 149 миң болсо, айыгып кеткендердин саны 15 миллион 732 миңден ашты.

Эпидемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 179 миң 240 адамды түздү. Вирусту жуктурган адамдардын саны 5 миллион 798 миң деп катталды. Демократиялык партиянын президенттигине талапкер Жо Байден, эгерде ал президент болсо, анда коронавирустун жаңы түрүнө каршы күрөшүүнүн алкагында, керек болсо өлкөнүн бардык аймагындагы экономикалык иш-аракеттерди токтото турганын билдирди.

Ковид-19 туткуну эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда, акыркы 24 саатта вирустун айынан 1554 адам көз жумду. Ошентип, каза болгондордун жалпы саны 113 миң 454кө көтөрүлдү. Өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 536 миң 488.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан каза тапкандар 504 адамга көбөйүп, 59 610 адамды түздү. Өлкөдө Ковид-19 учурунун саны 549 миң 734 адамга жетти.

Боливияда акыркы 24 саатта Ковид-19 вирусунан улам 72 адам көз жумду. Ошентип, өлкөдө вируска байланыштуу каза болгондордун саны 4 миң 305ке көбөйдү. Өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 15 миңге көбөйүү менен 106 миң 65 деп катталды.

Вирустун айынан Италияда 35 миң 427, Францияда 30 миң 503, Перуда 27 миң 245, Колумбияда 16 миң 658 жана Чилиде 10 миң 723 адам каза болду.

Европада эпидемиянын чордону болгон Англияда каза болгондордун саны 41 миң 405 болсо, жуктурган учурлардын саны 323 миң 313 деп катталды.

Испанияда акыркы 7 күндүн ичинде Ковид-19дан 125 адам каза болуп, жалпы 28 миң 838 адам каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саатта 3 миң 650 жаңы оору байкалганын жана инфекция жуккандардын жалпы саны 385 миң 54кө көбөйгөнүн жарыялады.

Бельгияда Ковид-19дан бүгүнкү күнгө чейин 9 миң 985 адам көз жумду. Өлкөдөгү жуктургандардын саны 80 миң 894 болгон. Акыркы күндөрдө көрүлүп жаткан чаралардан кийин жуктуруп алгандардын саны төмөндөгөнү байкалды. Өлкөдө 12-18-августта жумасында орто эсеп менен 509 учур катталды. Бул сан мурунку жумага салыштырмалуу 17 пайызга азайгандыгын билдирет.

Ковид-19 эң таасирдүү болгон Австралиянын Виктория штатында дагы 13 кишинин өлүмү менен, өлкө боюнча вирустан каза болгондордун саны 485 адамга жетти.



Тектеш кабарлар