COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1475994
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 791 миң 299га жетти. Илдетке чалдыккандардын саны 22 миллион 598 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 15 миллион 316 миңден ашты.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө АКШда каза болгондордун саны 176 миң 342, вирусту жуктурган адамдардын саны 5 миллион 701 миңди түздү.

Коронавирус пандемиясынан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда, вирустун айынан каза болгондун саны 111 миң 189га, жуктуруп алгандардын саны болсо 3 миллион 460 миңге жетти.

Мексикада Ковид-19дан дагы 707 адамдын өлүмү катталып вирустан каза тапкандардын жалпы саны 58 миң 481ге, илдетке чалдыккандардын саны болсо 5 миң 792 жаңы учур менен бирге 537 миң 31ге жогорулады.

Испанияда Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 7 күндүн ичинде Ковид-19дан 131 адамдын каза болгонун жана вируска байланыштуу каза болгондордун саны 28 миң 797ге жеткенин билдирди. Министрлик ошондой эле акыркы 24 сааттын ичинде 3 миң 715 жаңы учур катталганын жарыялады.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда каза болгондордун саны 41 миң 397, жуктурган учурлардын саны 321 миң 98 болду.

Германиядагы Ковид-19дан каза болгондордун саны 9 миң 314кө жетти. Өлкөдө 229 миң 700 адамда вирус табылды.

Францияда вируска байланыштуу 30 миң 468 өлүм катталып, ооруга чалдыккандардын саны 225 миң 43кө көбөйдү.



Тектеш кабарлар