СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 777 миң 751 адамдан ашты.

1474898
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid19 meksika
covid.jpg
covid florida SPR.jpg
super covid19 fransa

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 777 миң 751 адамды түздү. Илдетке чалдыккан адамдардын саны 22 миллион 69 миң 384төн, ал эми айыгып кеткендердин саны болсо 14 миллион 807 миң 589дан ашты.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан АКШда вирустан каза тапкандардын саны 173 миң 716га, жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 612 миң 27ге жетти.

Пандемиянын Латын Америкадагы чордону Бразилияда акыркы 24 саатта 684 адам каза болуп жалпы 108 миң 654кө, ооруга чалдыккандардын саны 3 миллион 363 миң 235ке көбөйдү.

Мексикада вирустун айынан жалпы 57 миң 23 адам каза болуп,  525 миң 733 адамда вирус аныкталды.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги, Ковид-19дан акыркы 7 күндүн ичинде 54 адамдын көз жумганын жана вируска байланыштуу каза болгондордун саны 28 миң 646 адамга жеткенин билдирди.

Вирустан каза болгондордун саны Италияда 35 миң 400, Францияда 30 миң 429, Перуда 26 миң 481, Колумбияда 15 миң 372, Чилиде 10 миң 513, Бельгияда 9 миң 944, Германияда 9 миң 296, Канадада 9 миң 32, Эквадордо 6 миң 83, Швецияда 5 миң 787, Аргентинада 5 миң 814 болду.

Австралиянын Виктория штатында, Ковид-19дан 17 кишинин өлүмү менен өлкө боюнча вирустун кесепетинен 438 адам каза тапты.

 



Тектеш кабарлар