Чыгыш өлкөлөрүнүн элин санаага салган коронавирус...

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) каза болгондордун саны 778 миң 373дөн ашты.

1475173
Чыгыш өлкөлөрүнүн элин санаага салган коронавирус...
Koronavirüs dünya.jpg
SPR korona2.jpg
super korona brezilya.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) каза болгондордун саны 778 миң 373дөн ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 22 миллион 103 миң 244 адам, ал эми айыгып кеткендердин саны 14 миллион 840 миң 714дөн ашты.

Ковид-19 пандемиясынан эң көп жабыркаган үчүнчү өлкө Индияда адам өмүрүн жоготуу 52 миң 153кө жетти. Жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 724 миң 642 адам болду.

Россияда Ковид -19дан каза болгондордун саны 15 миң 872 адамга жетти. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны дагы 932 миң 493кө жогорулады. Россиянын энергетика министри Александр Новактын Ковид-19 тести позитив болуп чыкты. Россиянын ТАСС агенттигине берген маегинде Россиянын Энергетика министрлигинин пресс-катчысы Ольга Голант, Новак Ковид -19 белгилерин байкаган жок деп билдирди жана Новак өз милдеттерин алыстан аткара берет. Ал тургай, эртең видеоконференция аркылуу өткөрүлө турган Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) жыйынына катышат»,-деди.

Ковид-19дан улам Иранда каза болгондордун саны 168 кишиге көбөйүп 19 миң 972 кишиге жетти. Өлкөдөгү жуктурган учурлардын саны 2 миң 385ке көбөйүп, 347 миң 835 адамга жетти. Иран парламентинин Улуттук билим берүү комиссиясынын башчы орун басары Касым Ахмади Лашеки, Ковид-19дан улам, өлкөнүн мектептериндеги билим берүү "кызыл, сары жана ак" коркунуч деңгээлине жараша айырмалана турганын билдирди. Мектептерде билим берүүнү пландаштырууга байланыштуу билдирүү жасаган Лашеки: «Коркунучтуулугу «кызыл» аймактарда билим берүү онлайн режиминде, «сары» аймактарда класста же интернеттеги жүргүзүлөт; «ак» аймактарда кадимки билим берүү улантылат»,-деди.

Ковид-19дун себебинен Иракта каза болгондордун саны бир күндө 94кө көбөйүп, 5 954 адамга жетти. Ушул эле мезгилде 3 миң 202 жаңы учур табылып, илдетке чалдыккандардын саны 180 миң 133 болду.

Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны Индонезияда 6207, Пакистанда 6190, Египетте 5173, Сауд Арабиясында 3436, Алжирде 1379 жана Кувейтте 502, Мароккодогу 681ге чейин көтөрүлгөн.

Эпидемиядан 11 миң 982 адам көз жумган Түштүк Африка Республикасында Ковид-19 учурларынын саны 589 миң 886 га көбөйдү.

вирустун айынан 977 адам көз жумган Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигериядагы Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында жабылган аэропорттор 29-августта кайрадан ачылууда.

Ковид-19 пандемиясы боюнча акыркы 22 саатта Кытайда 22, Түштүк Кореяда 246 учур катталды.

Украинада вирустун айынан каза болгондордун саны 27 адамга көбөйүп 2 миң 116га, ал эми жуктурган учурлардын саны 616 адамга көбөйүп 94 миң 436га ​​жетти.

Өзбекстанда эпидемиянын кесепетинен каза болгондордун саны 4 адамга көбөйүп 240ка, ал эми жуктуруп алгандардын саны 398ге көбөйүп 36 миң 100гө жетти.

Ковид-19дун кесепетинен 1431 адам каза болгон Казакстанда, жуктурган учурлардын саны 103 миң 300 болду.

Кыргызстанда каза болгондордун саны 2ге көбөйүп  жалпы 1498 адамга жетти, Ковид-19 жуктурган учурларынын саны 155ке көбөйүп 42 миң 146 адамга чейин жогорулады.

Арменияда Ковид-19дун кесепетинен улам дагы 8 адам каза болуп, каза болгондордун жалпы саны 832ге жетти. Ковид-19 өлкөдө акыркы 24 саатта 145 адамда аныкталып, жуктурган учурлардын жалпы саны 41 миң 846 болду.

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам 17 адам көз жумган Грузияда, оорулардын саны 1392ге чейин көбөйдү.



Тектеш кабарлар