СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 769 миң 6га жетти.

1473660
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 769 миң 6га жетти. Жуктуруп алгандардын саны 21 миллион 617 миң адам болду, ал эми айыгып кеткендердин саны 14 миллион 334 миңден ашты.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) каза болгондордун саны 172 миң 606 адамга, ал эми жуктурган учурлардын саны 5 миллион 529 миңге чейин көбөйдү.

Латын Америкасында пандемиянын чордону деп аталып калган Бразилияда адам өмүрүн жоготуу 107 миң 297ге, ал эми жуктурган учурлардын саны 3 миллион 317 миңге жетти.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан каза болгондордун саны 635 адамга көбөйүп 56 миң 543, ал эми жуктуруп алгандардын саны 6 миң 345ке көбөйүп, 517 миң 714 болду.

Ковид-19 кесепетинен 9 миң 290 адам каза болгон Германияда, Мекленбург-Померания штатындагы Людвигслюст-Парчим аймагындагы эпидемиялык иш-чаралардын чегинде колдонулган карантиндик эреже бузулган учурда, балдарды ата-энелеринен ажыратууга болот деген эреже карама-каршылыктарды жаратты.

Францияда акыркы 24 саатта эпидемиянын кесепетинен 3 кишинин өлүмү менен 30 миң 409 адам каза болуп, жуктурган учурлардын саны 3 миң 310 адамга көбөйүп 238 миң 169 болду.



Тектеш кабарлар