Коронавирустун убайын тарткан чыгыш өлкөлөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 769 миң 78ге жетти.

1473780
Коронавирустун убайын тарткан чыгыш өлкөлөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 769 миң 78ге жетти. Жуктуруп алгандардын саны 21 миллион 623 миң адам болду, ал эми айыгып кеткендердин саны 14 миллион 337 миңден ашты.

Коронавирустун жаңы түрүнүн эпидемиясынан эң көп жабыркаган үчүнчү өлкө Индияда, каза болгон адамдардын саны 50 миң 99га, ал эми жуктурган учурлардын саны 2 миллион 590 миңге чейин көбөйдү.

Россиядагы эпидемиянын кесепетинен каза тапкандардын саны 15 миң 685ке, вируска чалдыккандардын саны 922 миң 853кө көтөрүлдү.

Ковид-19дун себебинен Иранда каза болгон адамдардын саны 19 миң 492ге, жуктуруп алгандардын саны 341 миң 70ке көтөрүлдү.

Коронавирус эпидемиясынын жаңы түрүнөн улам, Иракта адам өмүрүн жоготуу 5 миң 785ке, ал эми оорулардын саны 172 миң 583кө жетти.

Алжирде Ковид-19дун кесепетинен жоготуулар 1 миң 360 адамга, илдетке чалдыккандардын саны 38 миң 133кө көбөйдү.

Эпидемиянын кесепетинен Оманда 562 адам көз жумду, жуктурган учурлардын саны 82 миң 924кө чейин көбөйдү.

Ковид-19дун себебинен 139 адам каза тапкан Ливияда, жуктуруп алгандардын саны 7 миң 327 болгон.

Катарда вирустун айынан 192 адам көз жумган, жуктуруп алгандардын саны 114809га чейин көбөйгөн.

Бириккен Араб Эмирликтеринде коронавирустун эпидемиясынын жаңы түрүнөн 361 адам каза болуп, жуктурган учурлардын саны 64 миң 102ге жетти.

Африка континентинде Ковид-19дун кесепетинен каза болгондордун саны 25 миң 377ге көбөйүп, вирусту жуктарган учурлардын саны 1 миллион 112 миң 732ге жетти. Бүгүнкү күнгө чейин, Ковид-19дун кесепетинен эң көп жоготуу Түштүк Африкада 11 миң 677 адам, Египетте 5 миң 141 адам болду.

Ковид-19дун кесепетинен Пакистанда 6 миң 168 адам каза таап, жуктуруп алгандардын саны 288 миң 717ге чейин көбөйгөн.

Индонезияда вирустун айынан 6 миң 71 адам көз жумуп, жуктурган учурлардын саны 137 миң 468 адамга жетти.



Тектеш кабарлар