Лукашенко менен Путин сүйлөштү

Эки лидер кайсы маселени сүйлөштү?

1473498
Лукашенко менен Путин сүйлөштү

Беларустун президенти Александр Лукашенко Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Belta агенттигинин маалыматына караганда, Лукашенко менен Путин сүйлөшүү учурунда Белоруссияда жана анын айланасында болуп жаткан окуяларды талкуулашты.

Белоруссияда президенттик шайлоонун алдында коопсуздук күчтөрү Россиянын коопсуздук компаниясы Вагнерге таандык 33 жалданма согушкерди колго түшүрүшкөн болчу.

Өткөн аптада Беларуссияда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Лукашенконун жеңип чыккандыгы жарыялангандан кийин нааразычылык акциялары башталып, митингдер 6 күнгө созулду.

Кечээ кечинде Беларусь Россиянын 33 жалданма согушкеринин 32син Россияга берген жана алардын 1и Белоруссиянын жараны болгондуктан өлкөдө калган.



Тектеш кабарлар