Евробиримдик Беларуска санкция киргизет

Евробиримдик шайлоонун "таза жана эркин" өтпөгөндүгүн себеп көрсөтүп, жыйынтыгын тааныбагандыгын жарыялаган болчу.

1473336
Евробиримдик Беларуска санкция киргизет

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Белоруссияга каршы санкция чечими чыгарылды.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелль Белараска санкция киргизиле тургандыгын билдирди.

Белоруссияда мурунку дем алыш күнү өткөрүлгөн жана учурдагы президент Александр Лукашенконун жеңишке жетишкендиги жарыяланган шайлоонун жыйынтыгын Европа Биримдигинин кабыл албагандыгын билдирген Боррелль: «Күч колдонуу жана жыйынтыгын бурмалоого жооптуу адамдарга санкцияларды киргизүүгө карата иштер башталды»,-деди.

Лукашенконун президенттик шайлоону жеңгендиги жарыялангандан кийин өлкөдө нааразычылык акциялары башталган болчу.

Оппозиция, бурмалангандыгы себеби менен шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай, жогорку сотко кайрыла тургандарын билдирген.

Евробиримдик дагы шайлоонун "таза жана эркин" өтпөгөндүгүн себеп көрсөтүп, жыйынтыгын тааныбагандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар