COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дүйнөнүн шаштысын кетирди.

1473273
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 763 миң 387 адамды түздү. Ооруга чалдыккандардын саны болсо 21 миллион 357 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 14 миллион 151 миңден ашты.

Латын Америкадагы пандемиянын чордону Бразилияда дагы 1 миң 60 кишинин өлүмү менен өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 106 миң 523кө, жугузуп алгандардын саны болсо 50 миң 644кө көбөйүп 3 миллион 275 миңге жетти.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан 615 адам каза болуп жалпы 55 миң 908ге жогорулады, ооруга чалдыккандардын саны болсо 5 миң 618 жаңы учур менен бирге 511 миң 369 болду.

Испанияда Ковид-19дан каза болгондордун саны акыркы аптада 62ге жетип жалпы 28 миң 617 адамга жетти. Акыркы 24 сааттын көрсөткүчтөрүнө караганда, өлкөдө 2 миң 987 жаңы учур катталып илдетке чалдыккандардын саны 342 миң 813кө жогорулады.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде 18 кишинин өлүмү менен пандемиянын кесепетинен каза болгондордун саны 30 миң 406, жугузуп алгандардын саны болсо 2 миң 846га көбөйүп 234 миң 859 болду.

Бельгиядагы мектептердин 1-сентябрдан тарта ачыла тургандыгын билдирген Флемандын билим берүү министри Вейтс орто мектеп окуучулары үчүн беткап тагуунун милдеттүү болоорун айтты. Өлкөдө коронавирустан 9 миң 916 адам каза болуп, 76 миң 191 учур катталды.

Ковид-19дун себебинен берки кээ бир өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Англия (41 миң 358), Италия (35 миң 234), Перу (25 миң 856), Колумбия (14 миң 492), Чили (10 миң 340), Германия (9 миң 289), Канада (9 миң 20), Нидерландия (6 миң 167), Швеция (5 миң 783) жана Аргентина (5 миң 527)



Тектеш кабарлар