Түштүк Суданда селден улам чукул абал жарыяланды

Өлкөдө 150 000ден ашуун кишинин жерлеринен кеткендиги билдирилди.

1472561
Түштүк Суданда селден улам чукул абал жарыяланды

Түштүк Суданда Жонглеи жана Пибор провинцияларында болгон селден улам «чукул абал» жарыяланды.

Президенттин катчысы Атени Век Атени берген маалыматында : «Чукул абалдын себеби адамдарды кыйын абалда калтыруу эмес, тескерисинче аларга жардам берүү»,- деп адамзаттык иштер жана апаатты башкаруу министрлигинин селден жабыр тарткандар үчүн эл аралык жардам издей тургандыгын да айтты.

Түштүк Суданда болуп жаткан селден улам көп сандаган киши каза болду.

Өлкөдө 150 000ден ашуун кишинин жерлеринен кеткендиги билдирилди.  

 

 



Тектеш кабарлар