Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнөдө али да болсо коронавирустан каза болгондордун саны арбып баратат.

1472909
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Жалпы дүйнөдө коронавирустун айынан каза болгондордун саны 758 миң 36га   жогорулады. Вирус жуккан бейтап саны 21 миллион 102 920дан, айыккандардын саны 13  миллион 950 686дан  ашты.

Дүйнөдө эң көп бейтап болгон үчүнчү өлкө Индияда акыркы 24 саатта 1007 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгон жалпы киши саны 48 177ге, бейтап саны да акыркы 24 саатта 64 553кө көбөйүп, 2 миллион 464 000ге жетти.

Россияда  15 498 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 912 823 деп катталды.

Иранда каза болгондордун саны 19 162ге, вирус жуккан киши саны 336 324кө жетти.

Ковид  - 19дан улам айрым өлкөлөрдө каза болгон киши саны төмөнкүчө болду :

Түштүк Африкада 11 270, Пакистанда 6 153, Индонезияда  5 968, Иракта 5 641 жана Египетте 5 107.



Тектеш кабарлар