Белорусияда митингдер улантылууда

Борбор шаар Минкс жана  өлкөнүн башка  шаарларында уруксатсыз митингдер бешинчи күнүндө да улантылууда.

1472913
Белорусияда митингдер улантылууда

Белорусияда азырынча такталбаган жыйынтыктарга караганда президенттик шайлоодон Александр Лукашенконун ийгиликтүү чыгышы менен башталган митингдер улантылууда.

Борбор шаар Минкс жана  өлкөнүн башка  шаарларында уруксатсыз митингдер бешинчи күнүндө да улантылууда.

Оппозициячылдардын соцтармактан берген чакыруусу менен мурунку митингдерде полициянын катуу кийлигишүүсүнө каршылык көрсөткөн кээ бир мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери иш таштады.

Минкс жана башка шаарлардагы проспектилерде аялдар митингдердин негизинде гүлдөр менен жүрүшкө чыгышты. Айрым медицина кызматкерлери да бул митингге колдоо көрсөтүштү.

Шаарларда катуу чараларды көргөн коопсуздук күчтөрү митингге чыккандарга кийлигишти.

Белорусиядагы Европа Биримдигинин өкүлү Дирк Шюбел, Швециянын Минск элчиси  Кристина Йоханнессон, Япониянын Минск элчиси Хироки  Токунага Пушкин аянтындагы эки күндүк митингдерде каза болгон митинчилердин элесине гүл ташташты.

Жекшемби күнү Белорусияда  болгон президенттик шайлоо Борбордук Шайлоо Комиссиясы билдирген так болбогон жыйынтыкка караганда учурдагы президент Александр Лукашенконун добуштардын 80 пайызын алуусу менен аяктаган.

Маалыматтан кийин «шайлоонун жасалма жол менен өткөнүн» айткан митингчилер көчөлөргө чыгып митингдерди башташкан.



Тектеш кабарлар