Бейруттагы жарылуудан каза тапкандардын саны көбөйдү

4-августта Бейрутта болгон кырсык 200гө жакын адамдын өмүрүн алды.

1472864
Бейруттагы жарылуудан каза тапкандардын саны көбөйдү

Ливандын борбор шаары Бейрутта өткөн аптада болгон катуу жарылуудан каза тапкандардын саны 177ге жетти.

Ливандын саламаттык сактоо министри Хамад Хасан жергиликтүү телеканалга берген маалыматында, Бейрут портундагы чоң жарылуудан каза тапкандардын саны 177ге жеткендигин айтты.

Жарылуу учурунда дайынсыз жоголгон 30 кишинин дагы деле табылбай жаткандыгын баса белгилеген Хасан, 4-августта Бейрутта болгон кырсыктын 200гө жакын адамдын өмүрүн алганын айтты.

Бейрут портунда 4-августта жарылуучу заттар сакталган №12 кампада өрт чыгып, андан кийин шаарды титиреткен катуу жарылуу болгон.

Жарылуудан кийин Түркия менен бирге дүйнө өлкөлөрү, Бейрутка медициналык жана азык-түлүк жардамын жөнөтүп жатышат.



Тектеш кабарлар