COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1472190
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super foto koronavirus meksika.jpg
super foto ispanya korona.jpg
super foto ingiltere korona.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 747 миң 568ден ашты. Ал эми жуктургандардын саны 20 миллион 826 миң 517ге, айыгып кеткендердин саны 13 миллион 722 миң 940ка жетти.

АКШда илдеттен 169 миң 131 адам каза болуп, 5 миллион 360 миң 302 адамда вирус аныкталды. Президент Дональд Трамп күзүндө мектептерди бетме-бет билим берүүгө ачуу керек деген талабын кайталап, окуучулардын күн алыс мектепке баруу пикирин "чанжырактык" деп сыпаттады.

Бразилияда акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 175 адамдын өлүмү менен вирустан каза тапкандардын саны 104 миң 263кө, жуктуруп алгандардын саны болсо 55 миң 155ке көбөйүп 3 млн 170 миң 474кө жогорулады.

Мексикада акыркы бир күндө Ковид-19дан 737 адам көз жумуп жалпы 54 миң 666га жетти. Ковид-19га чалдыккандардын саны 5 миң 858ге көбөйүп 498 миң 380 болду.

Англияда вирустан каза болгондордун саны 41 миң 329, ал эми учурлардын саны 313 миң 798 деп катталды.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде 17 кишинин өлүмү менен пандемиянын кесепетинен каза тапкандардын саны 30 миң 371, ооруга чалдыккандардын саны 2 миң 524кө көбөйүп 229 миң 344кө жетти. Франциянын Илимий Комитети күзүндө же кышында өлкөдөгү экинчи толкунга байланыштуу тынчсыздангандыгын билдирди.

Канадада Ковид-19дан каза болгондордун саны 9 миң 44кө, жуктуруп алгандардын саны 122 миң 376га көбөйдү.

Бүгүнкү күнгө чейин пандемиядан 247 адам көз жумган Венесуэлада байланыш, туризм жана маданият боюнча вице-президент Хорхе Родригес социалдык медиадагы билдирүүсүндө Ковид-19ду жуктуруп алгандыгын кабарлады.



Тектеш кабарлар