Азиядагы муссон жамгырлары

Муссон жамгырларынын кесепети.

1472369
Азиядагы муссон жамгырлары

Азиядагы мезгилдик муссон жамгырлары көптөгөн өлкөлөргө таасир этип, миңдеген адамдар каза тапты, он миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Быйыл муссон жамгырлары алып келген сел жана жер көчкүлөрдөн Индияда 246, Бангладеште 198, Непалда 132, Пакистанда 57, Түштүк Кореяда 42 жана Кытайда 200дөн ашуун адам каза болду.

Бул өлкөлөрдө селден улам миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетишти, миңдеген гектардык айдоо аянттары талкаланып, миллиондогон адамдар баш калкалоого жана азык-түлүк жардамына муктаж болушту.

Сел апааты Мьянма, Таиланд, Вьетнам, Камбоджа жана Лаостогу жашоого да терс таасирин тийгизди.



Тектеш кабарлар