"Севр келишими 100 жыл мурда өлдү"

Дүйнөлүк Ассирия Кеңеши WCA Севр келишимин ПKK/ЙПГ жикчил  террордук уюмунун "өлгөн бир келишим экендигин" кабыл алышы керектигин билдирди.

1471514
"Севр келишими 100 жыл мурда өлдү"

Дүйнөлүк Ассирия Кеңеши WCA Севр келишимин "согуштук шылтоо" деп эсептеген ПKK/ЙПГ жикчил  террордук уюмунун "өлгөн бир келишим экендигин" кабыл алышы керектигин билдирди.

Кеңештин төрагалыгын аткарган Жони Мессонун билдирүүсүндө Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийин Антанта мамлекеттери менен Осмон өкмөтүнүн арасында 1920 -  жылы 10 -  августта кол коюлган Севр келишиминин согуш айкырыгы катары колдонулушун токтошу керектиги баса белгиленди.

Маалыматта бул кыска өмүрлүү келишимдин тарыхый жана мыйзамдык чындыктарга көңүл бурбагандыгы белгиленди.

Мындан 100 жыл мурда кол коюлган келишимдин «өлгөнү кабыл алынышы керектиги» белгиленген маалыматта : «Мыйзам жактан 1923 -  жылы 24 -  июлда Лозанна келишимине кол коюлгандан кийин  Севр келишими күчүн жоготту»,- деп билдирилди.

Маалыматта : «Бүгүн ПКК Түркиянын түштүк  - чыгышынан, Сириянын түндүк  - чыгышынан жана Ирактын түндүгүнөн Түркияга карата террордук кол салууларды кылып, уюмдун Сириядагы узандысы ЙПГ/ПЙД да күрт мамлекетин курууда»,- деп маалымдалды.

Кээ бир батыштык өлкөлөрдөн жана медиадан колдоо алган бул мыйзам тышы куралдуу топтордун бир тараптан Түркия менен Сириянын жеринин бүтүндүгүн коркунучка салуу менен аймактык кагылышууларды арттыргандыгы, бир тараптан да ассириялыктарды ата мекенинен  чыгарып жаткандыгы билдирилип : «100 жыл мурда өлгөн» Севр келишиминин бул кыймылдарга мыйзамдуу таяныч боло албай тургандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар