Беларустагы нааразычылык акциялары...
Белоруссияда оппозициячылдар шайлоо жыйынтыгына каршы чыгууда...

Беларуста тактала элек жыйынтыктарга караганда президенттик шайлоону Александр Лукашенконун жеңгенине каршы башталган уруксатсыз нааразычылык акциясында 1000ден ашык адам кармалып кетти.
Беларуссиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова, нааразычылык акциясынын катышуучулары кечээ кечинде өлкөнүн 25 калктуу конуштарында, айрыкча борбор Минскте демонстрация өткөрүшкөнүн маалымдады.
Чемоданова демонстранттар тартипти сактаган коопсуздук күчтөрүнө каршы чыкканынын жана коомдук транспорттордун унааларынын кыймылына жол бербөөгө аракет жасашкандыгын айтты.
"1000ден ашык адам уруксатсыз демонстрацияга катышкандыгы үчүн кармалган."деп кошумчалады ал.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, түн ичинде демонстранттар менен полициянын ортосунда болгон кагылышуудан 51 адам жана коопсуздук күчтөрүнүн 14 мүчөсү жаракат алганы белгиленди.
Дем алыш күнү өткөн шайлоодо учурдагы президент Лукашенконун 80,23 пайыздык добуш менен жеңишке жетишти деген жарыядан кийин, расмий жарыялана элек жыйынтыктарга караганда оппозиционерлер шайлоону бурмаланды деп талап кылып көчөгө чыгышты.
Полициянын кийлигишүүсүнө карабастан, демонстранттар нааразычылык акцияларын жекшембиге караган түнү улантышты.
Тектеш кабарлар

Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйдү
Бельгияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру 19-майда катталган.