АКШ Россиянын билдирүүсүнө сереп салды

Путин кечээ өз өлкөсүндөгү Ковид-19 вакцинасы жөнүндө билдирүү жасаган болчу.

1471337
АКШ Россиянын билдирүүсүнө сереп салды

АКШнын саламаттык сактоо министри Алекс Азар, Россиянын президенти Владимир Путиндин өлкөсүндө коронавирустук (Ковид-19) вакцинанын каттоодон өткөндүгүн жарыялаган билдирүүсүнө: «Эң негизгиси, вакцинаны биринчилерден болуп табуу эмес. Эң негизгиси, бул вакцинанын америкалыктар жана дүйнө эли үчүн коопсуз жана натыйжалуу болушу»,- деп сереп салды.

Азар ABC каналынын түз эфирине катышып, Путиндин Ковид-19 вакцинасы жөнүндө айткан сөздөрүнө баа берди.

Вакцинанын 3 клиникалык сыноодон ийгиликтүү өткөндүгүнө байланыштуу ачык маалыматтын керектигин баса белгилеген Алекс Азар: «Эң негизгиси, вакцинаны биринчилерден болуп табуу эмес. Эң негизгиси, бул вакцинанын америкалыктар жана дүйнө эли үчүн коопсуз жана натыйжалуу болушу»,- деген пикирин бөлүштү.

Министр Азар АКШнын жылдын аягына чейин ондогон вакцинага ээ болуу жолунда баратканын жана вакцинага талапкерлердин 3 сыноодон тең өткөндүгүн баса белгиледи.

Путин видеоконференция аркылуу жетекчилер менен өткөргөн жыйында, өз өлкөсүндөгү Ковид-19 вакцинасы жөнүндө билдирүү жасап: «Менин билишимче, дүйнөдө биринчи жолу коронавирустук вакцина катталды. Вакцина бекем иммундук системаны түзүп, бардык текшерүүлөрдөн өттү»,-деп маалымдаган эле.



Тектеш кабарлар