Минсктеги митингде бир демонстрант каза болду

Демонстранттын колундагы жарылуучу зат жарылып кетти.

1470670
Минсктеги митингде бир демонстрант каза болду

Белоруссияда жекшемби күнкү президенттик шайлоого нааразы болгон демонстранттардын бири, колундагы жарылуучу заттын жарылып кетишинен көз жумду.

Ички иштер министрлигинин социалдык тармактагы билдирүүсүндө, президент Александр Лукашенконун шайлоодогу жеңишине каршылык көрсөтүү үчүн баш калаа Минскте уруксатсыз өткөрүлгөн митингдерге атайын күчтөрдүн кийлигишкендиги маалымдалды.

Демонстранттарды таркатууга аракет кылган атайын күчтөргө бир кишинин белгисиз жарылуучу затты ыргытканга аракет кылгандыгы айтылган билдирүүдө: «Жарылуучу зат демонстранттын колунда жарылды жана көз жумду»,-деп кабарланды.



Тектеш кабарлар