Ломидзе: «Түркия быйыл эс алуучулар үчүн алдыңкы өлкө болот»
Майя Ломидзе борбор шаар Москвада маалымат берди.
Россиянын Туроператорлор Ассоциациясынын (АТОР) башчысы Майя Ломидзе: «Түркия быйыл чет өлкөдө эс алууда лидер өлкө болот»,-деди.
Майя Ломидзе борбор шаар Москвадагы маалымат жыйынында, Түркияга учуулардын башталышы менен бирге туристтик тармагынын жанданганын баса белгилеп: «Быйыл 4,5 - 5 миллион россиялык жарандын чет өлкөдө эс алуусун күтүп жатабыз»,-деди.
Россиялык туристтердин Түркияга болгон суроо-талабынын жогору экендигин баса белгилеген Ломидзе буларга токтолду:
«Туристтердин ушул жайда туш болгон шарттарды эске алганда, Түркияга суроо-талап жогору. Август айынын аягын жана сентябрь айынын башын камтыган абдан жакшы көрсөткүчтөр бар. Түркия быйыл чет өлкөдө эс алууда алдыңкы өлкө болот. Суроо-талап өткөн жылдын көрсөткүчүнө жакындап баратат. Түркиянын быйыл орус туризм рыногунда жакшы жай өткөрөөрүн айта алабыз»,-деди.
Түркия менен Россиянын ортосундагы учак каттамдары коронавирус (Ковид-19) пандемиясына байланыштуу март айында токтотулган. Эки өлкө ортосундагы пландаштырылган каттамдар 1-августта, ал эми чартердик каттамдар кечээ башталды.
Өткөн жылы 7 миллионго жакын орус туристин кабыл алган Түркия Россиянын жарандары эң көп барган өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду ээледи.