COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дагы деле жайылып жатат.

1470867
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 733 миң 363 адамдан ашты. Ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 20 миллион 267 миң 512ге, айыгып кеткендердин саны болсо 13 миллион 197 миң 603кө жетти.

Пандемиядан эң көп жапа чеккен өлкө АКШда каза болгондордун саны 166 миң 192ге көбөйүп, вирус жуккан адамдардын саны 5 миллион 251 миң 446 болду.

Латын Америкада "пандемиянын чордону" деп эсептелген Бразилияда акыркы 24 саатта 703 кишинин өлүмү менен вирустун айынан каза болгондордун саны 101 миң 857ге, жуктурган учурлардын саны 22 миң 48ге көбөйүп 3 миллион 57 миң 470ке жогорулады.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан 705 киши каза болуп жалпы 53 миң 3кө жетти. Ковид-19 учурларынын саны 5 миң 558ге көбөйүп 485 миң 836 болду.

Вирустун айынан Перуда 21 миң 276 адам көз жумуп, жуктуруп алгандардын саны 483 миң 133 деп катталды.

Чилиде илдеттен каза тапкандардын саны 10 миң 139га, ооруга чалдыккандардын саны 375 миң 44кө көбөйдү.

88 адам каза болуп жана болжол менен 3 миң адамда вирус табылган Кубада Ковид-19 тыюу салуулары алынып салынгандан кийин 24 сааттын ичинде 93 жаңы учур аныкталды. Коомдук транспорт токтоп, пляждарга кирүүгө кайрадан тыюу салынды.

Англияда вирустун айынан каза болгондордун саны 46 миң 526га, жуктуруп алгандардын саны 311 миң 641ге жетти.

Италияда Ковид-19дан 35 миң 209 адам көз жумуп, 250 миң 825 адам бул илдетке чалдыкты.

Вирустан каза болгондордун саны Францияда 30 миң 340, Германияда 9 миң 265 адамга жетти.

Ковид-19дун кесепетинен Австралияда 332 адам каза болду.

Вирустун себебинен берки өлкөлөрдө каза тапкандардын сан төмөнкүчө:

Испания 28 миң 576, Колумбия 13 миң 154, Бельгия 9 миң 879, Канада 8 миң 987, Нидерландия 6 миң 157, Эквадор 5 миң 932, Швеция 5 766.



Тектеш кабарлар