Чыгыш өлкөлөрүн убайга салган коронавирус...

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) дүйнө жүзү боюнча каза болгон адамдардын саны 740 миң 194 кишиден ашты.

1471154
Чыгыш өлкөлөрүн убайга салган коронавирус...
super covid19 fransa
süper covid
covid -19.jpg

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) дүйнө жүзү боюнча каза болгон адамдардын саны 740 миң 194 кишиден ашты. Иштин саны 20 миллион 309 миң 20, айыгып кеткендердин саны 13 миллион 228 миң 557 болду.

Жуктуруп алгандардын саны боюнча эң көп үчүнчү өлкө болгон Индияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 45 миң 550гө чейин, илдетке чалдыккандардын саны 2 млн 287 миң 511ге чейин көбөйдү.

Ковид-19дун себебинен Иранда каза болгондордун 184 кишиге көбөйүп жалпы каза болгондордун саны 18 миң 800 болду, ал эми жуктуруп алгандар 2 миң 345ке көбөйүп жалпы 331 миң 189 адамга жетти. Язд провинциясында Ковид -19 учурунун көбөйүшүнө байланыштуу, негизги азык-түлүктөрдү саткан дүкөндөрдөн башка бардык жумуш орундарын 3 күнгө жабуу чечими кабыл алынды.

Россияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 15 миң 131, ал эми Ковид-19 аныкталган адам саны 897 миң 599 болду.

Акыркы 24 саатта Африка континентинде эпидемиядан улам каза болгондордун саны 319 кишиге көбөйүп, 23 миң 643, инфекцияга чалдыккандардын саны 8 миң 914 адамга көбөйүп, 1 миллион 61 миң 98 болду. Бүгүнкү күнгө чейин, Ковид-19дан келип чыккан эң көп жоготуу Түштүк Африкада болуп 10 миң 621 өлүм, Египетте 5 миң 35 өлүм, Алжирде1 миң 312 адамдын өлүмү катталды. Африкада вирусту жуктурган 747 миң 414 адам ооруну жеңишкен.

Ковид-19дан улам 7565 адам каза болгон Индонезияда президент Жоко Видодо Кытай-Индонезия өнөктөштүгүндө клиникалык изилдөө жүргүзгөн коронавирустук вакцинанын жаңы түрү январь айында жайылууга даяр экендигин билдирди.

Вирустун айынан Пакистанда 6 миң 112 адам, Индонезияда 5 миң 765, Иракта 5 миң 464 адам жана Сауд Арабиясында 3 миң 233 адам көз жумду.

Израилде Ковид-19 пандемиясынан каза болгондордун саны 619 адамга чейин көбөйүп, жуктурган учурлардын саны 85 миң 354 болгон.



Тектеш кабарлар