Чыгыш өлкөлөрүнүн элин санаага салган коронавирус...

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 734 820 адамды түздү.

1470467
Чыгыш өлкөлөрүнүн элин санаага салган коронавирус...
super foto koronavirus ingiltere.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 734 820 адамды түздү. Жуктуруп алгандардын саны 20 миллион 72 миң, ал эми айыгып кеткендердин саны 12 миллион 930 миң чегинде.

Жуктургандардын саны боюнча эң көп үчүнчү өлкө болгон Индияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 44 миң 597 адамга, илдетке чалдыккандардын саны 2 млн 226 миңге чейин көбөйдү.

Россияда каза болгондордун саны 15 миң адамга, вирусту жуктургандардын саны 892 миң 654кө көтөрүлдү.

Иранда каза болгондордун саны 18 миң 616га, жуктуруп алгандардын саны 328 миң 844кө көбөйдү. Коронавирус менен күрөшүү башкармалыгынын мүчөсү Мухаммед Рыза Махбубфер, Ковид-19 учурларына байланыштуу расмий билдирүүлөр чыныгы сандардын "жыйырмадан бири" гана экендигин айтты. "Jahanesanat" жаңылыктар сайтына маектешкен Махбубфер, "Иранда биринчи Ковид-19 жуктурган кишилер расмий жарыяланган күнгө бир ай калганда байкалган. Өкмөт айрым саясий жана коопсуздук себептери менен төңкөрүш майрамдоолору жана парламенттик шайлоолордун өткөрүлүшүнөн кийин вирустун өлкөдө жайылганы жөнүндө расмий маалымат бери чечимин чыгарды»,-деп айтты. Экинчи жагынан,ал, Ковид-19 эпидемиясы өлкөдө расмий жарыяланганга бир ай калганда башталган жана өкмөттүн чыныгы сандарды жашырып жатат деген айыптарды камтыган маегин жарыялаганы үчүн «Jahanesanat» гезитин чыгарууга тыюу салды.

Эпидемиядан улам Мароккодо каза болгон адамдардын саны 498ге, оорулардын саны 33 миң 237ге көтөрүлдү.

Ковид-19дун айынан Иорданияда 11 адам көз жумган, жуктуруп алгандардын саны 252ке жеткен.

Коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 103 адам көз жумган Палестинада 18 миң 651 жуктурган учур катталды.

Эпидемия башталгандан бери 5464 адам каза болгон Иракта, Сулаймания шаарында Ковид-19га чалдыкан аял журналист Нян Мухаммед вирусту жеңип алды.

Коронавирустун жаңы түрүнүн эпидемиясынан акыркы 24 саатта Кытайда 49, Түштүк Кореяда 28 жаңы жуктурган учур катталды.



Тектеш кабарлар