Белорусиядагы шайлоо

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина так болбогон жыйынтыктарга караганда Лукашенконун 82 пайыз добуш алганын билдирди.

1469855
Белорусиядагы шайлоо

 Белорусияда жуманын акырында өткөн президенттик шайлоонун так болбогон жыйынтыктарына караганда учурдагы президент Александр Лукашенко добуштардын 80,23 пайызын алып шайлоонун жеңүүчүсү болду.

Белорусия Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина өткөргөн пресс -  жыйынында  шайлоого 84,23 пайыздык катышуу болгонун белгиледи.

Так болбогон жыйынтыктарга караганда учурдагы президент Лукашенконун добуштардын 80,26 пайызын алганын белгилеген Ермошина оппозициячыл Светлана Тихановскаянын 1, 68 пайыз, Белорусия социал демократ «Грамада» партиясынын лидери Сергей Череченин 1, 13, Говори Правду кыймылы партиясынын  тең төрагасы Андрей Дмитриевдин 1,04 пайыздык катнашта добуш алганын билдирди.

Шайлоочулардын 6,02 пайызынын эч бир талапкерге добуш бербегенин да билдирген Ермошина : «Так жыйынтыктардын маанилүү өлчөмдө өзгөрөрүн ойлоп жатам»,- деди.

Бир тараптан кечээ түнү жактоочуларын аянтка чакырган Тихановскаянын штабы Борбордук Шайлоо Комиссиясы билдирген жыйынтыктарды кабыл албагандыгын белгилеп, оппозициячыл талапкердин добуш катнашынын 70 – 80 пайызга жакын экендигин ортого салды.

Так жыйынтыктардын 14 -  августта билдирилиши күтүлүүдө.

Ошол эле учурда Минск жана Могилёв, Витебск, Брест, Гродно, Новополоцк шаарларында өткөн митингдер  полиция тарабынан түнү көзөмөлгө алынып, митингчилер таркатылды.

Оппозициячылдар Минскте полиция кийлигишкен уруксатсыз митингдерде 1 кишинин каза болгондугу, 231 кишинин камоого алынганын ортого салды.

Белорусиянын ички иштер министрлиги митингдерде 1 кишинин каза болгону тууралуу кабарды жалганга чыгарды.

Териштирүү комитетинин төрагасы Иван Носкевич да  өлкөдө түнү менен болгон уруксатсыз митингдерде ондогон полициянын жаралангандыгын жана окуялар тууралуу териштирүүнүн башталганын белгиледи.

Борбор шаар Минскте жалпы элдик сурамжылоонун жыйыныктары Лукашенконун пайдасына чыккандан кийин оппозиция тараптарлары шайлоонун жыйынтыгынын туура эмес экендигин айтып көчөлөргө чыгышты.

Митингдерге карата кийлигишүүдө көп сандаган полиция менен митингчинин жаралангандыгы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар