Бейруттагы митингдер

Ливандын борбор шаары Бейрутта митингчилерге коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

1469854
Бейруттагы митингдер

Ливандын борбор шаары Бейрутта кечээ кечинде парламент имаратын көздөй барууну каалаган митингчилерге коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Борбор шаардын "Шейиттер" аянтында чогулган бир группа митингчи 4 -  август шейшемби күнү Бейрут портунда болгон катуу жарылуудан жооптуу деген саясий ысымдар менен жетекчилерге каршы чыгышты.

Шейиттер аянтына жакын парламент имаратын көздөй жүргөн жана ошол эле учурда аймакта жайгашкан коопсуздук күчтөрүнө таш менен кол салган митингчилерге коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

 Митингчилерге кошулуу үчүн "Шейиттер" аянтына барган президент Мишель Авндын күйөө баласы менен депутат Шамил Рукыз араларында эч бир саясатчыны каалабагандарын билдирген митингчилердин каршы чыгуусу менен беттешти.

Андан мурунку күнү да борбор шаарда чогулган миңдеген жаран шаарда жер титирөө сыяктуу таасир жараткан, 158 кишинин өлүмүнө жана 6 000ден ашуун кишинин жаракат алуусуна жол ачкан жарылуудан жооптуу деп белгиленген мамлекет жетекчилерине каршы чыгышкан.

Парламент имаратын көздөй жүрүүнү каалаган жана кээ бир министрлик имараттарын басып алган митингчилер коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен беттешкен. Түнкү сааттарга чейин созулган окуяларда бир коопсуздук кызматкери каза болуп, 238 киши жараланган алардын ичинен 70ши коопсуздук кызматкери. 20 киши камоого алынган.

 



Тектеш кабарлар