Батыш өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышы

Эпидемиядан эң көп таасирленген өлкө  АКШда каза болгондордун саны 165 617ге жогорулады.

1470284
Батыш өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышы

 Ковид  - 19дун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 734 490 болду. Вирус жуккан киши саны 20 миллион 44 523, айыккандардын саны 12 миллион 914 295ке  жетти.

Эпидемиядан эң көп таасирленген өлкө  АКШда каза болгондордун саны 165 617ге жогорулап, вирус жуккан киши саны 5  миллион 199 000ге жетти.

Латын Америкада эпидемиянын эпицентри деп саналган Бразилияда вирустан каза болгондордун саны 101 136га, вирус жуккан киши саны 3 миллион 35 000ге чыкты.

Мексикада Ковид  - 19дан 52 298 киши каза болгон болсо, вирус жуккан киши саны 480 278ге жогорулады.

Эпидемиянын Европадагы эпицентри  Британияда вирустан 46 574 киши көз жумуп, вирус жуккан киши саны 310 825тен ашты.

Италияда Ковид  - 19 эпидемиясынан улам 35 205 киши каза болгон болсо 250 566 кишиде вирус аныкталган.

Жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны Францияда 30 324кө, Германияда 9 261ге жетти.



Тектеш кабарлар