Ливандан Түркияга ыраазычылык билдирилди

Ливандын мурдагы премьер-министри Фуад Синьора,Түркияга жана президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

1469574
Ливандан Түркияга ыраазычылык билдирилди

Ливандын мурдагы премьер-министри Фуад Синьора, борбор шаар Бейрутта  4-августта болгон жарылуулардан кийин тез медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Түркияга жана президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Фуад Синьора өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Президент Эрдогандын жана анын орун басары Фуат Октайдын Ливанга жасаган сапары менен демилгеленген боорукер, кең пейил, бир туугандык жана гуманитардык демилгеси үчүн рахмат айтабыз»,-деди.

«Президент Эрдоган өзүнүн боорукер жана кең пейил жардамы менен Ливан элинин баалуу жана улуу досу экендигин далилдеди»,-деп баалады ал.

Түркиядан келген саламаттык сактоо, азык-түлүк жана медициналык жардам тармактарында жардам буюмдарын алгандарын белгилеген Синьора,өлкөсүн, Бейрут портун кайра курууга жардам сунушун бергенин эске салды.

4-августта Бейрут портунда №12 кампада алгач өрт чыгып, андан кийин Бейрутту дүрбөлөңгө салган катуу жарылуу болгон. Жарылуудан каза болгондордун саны 158ге, жаракат алган адамдардын саны 6 миңге чейин көбөйдү.

Бейруттун губернатору Мерван Аббуд Бейрут портундагы жарылуудан келтирилген зыяндын көлөмү 10-15 миллиард доллардан ашышы мүмкүн деп билдирди.



Тектеш кабарлар