Иран Сауд Арабиясын жашыруун өзөктүк программасы боюнча күнөөлөдү

Ирандын МАГАТЭдеги туруктуу өкүлү Казим Гарибабади Сауд Арабиясы өзөктүк ишмердүүлүгүн жашыруун жана ачык эмес түрдө улантып жаткандыгын айтты.

1469559
Иран Сауд Арабиясын жашыруун өзөктүк программасы боюнча күнөөлөдү

Иран, өзөктүк реакторлордо отун катары колдонулган "сары торт" иштетүү үчүн жашыруун жай курганы айтылган   Сауд Арабиясын өзөктүк программасын Атомдук Энергия боюнча Эл аралык Агенттигинин (МАГАТЭ) көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө чакырды.

Ирандын МАГАТЭдеги туруктуу өкүлү Казим Гарибабади Сауд Арабиясы өзөктүк ишмердүүлүгүн жашыруун жана ачык эмес түрдө улантып жаткандыгын айтты.

Эр-Рияддын администрациясы ядролук куралды жайылтпоо Келишиминин (NPT) катышуучусу экендигин жана МАГАТЭ менен ар тараптуу коопсуздук келишимин түзгөнүн эскерткен Гарибабади:  «Ага карабастан, Сауд Арабиясы тилекке каршы, агенттиктин коопсуздук чараларын көрүү милдеттенмесинен баш тартууда жана агенттиктин атайын өтүнүчтөрүнө карабастан текшерүүлөргө жол бербей келет»,- деди.

Гарибабади МАГАТЭ жана эл аралык коомчулукту Эр-Рияд администрациясынын "жашыруун" өзөктүк программасын ачыкка чыгарууга үндөп, «Эгерде Сауд Арабиясы өзөктүк энергияны тынчтык жолу менен колдонууну кааласа, анда агенттиктин тиешелүү милдеттенмелерин кабыл алып, толугу менен ачык-айкын иш алып барышы керек»,- деп айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) «Уолл-стрит журнал» гезити 4-августта Кытайдын колдоосу менен Сауд Арабиясы Мединанын түндүгүндөгү Аль-Ула шаарындагы уран кенинен сары торт алуу үчүн колдонулган жашыруун жай курулгандыгын маалымдап жазган.

Ушундан улам Сауд Арабиянын Энергетика министрлиги бул отчет чындыкка коошпойт турганын жактаган.



Тектеш кабарлар