Индонезияда Синабунг жанар тоосунда жарылуу болду

400 жылга жакын убакыттан кийин 2010 -  жылы кайрадан кыймылга өткөн Синабунг жанар тоосунда 2014 – 2016 -  жылдары болгон жарылууларда 23 киши каза болгон.

1469318
Индонезияда  Синабунг жанар тоосунда жарылуу болду

Индонезиянын Суматра аралындагы Синбунг жанар тоосунда жарылуу болду.

Вулканология жана геологиялык кырсыктарды азайтуу борбору PVMBG Синабунг вулканынан чыккан күл жана түтүндүн жанар тоонун кратеринен 2000 метр бийиктикке жеткенин жарыялады.

Вулканология жана геологиялык кырсыктарды азайтуу борбору жанар тоонун айланасында үчүнчү сигнализация (Сиага) деңгээлиндеги жанар тоонун айланасында болбоо боюнча эскертти.  

Аймактагы Вулканология жана геологиялык кырсыктарды азайтуу борборунун жетекчиси Мухаммед Нурул Ассори да Наман Теран, Берастаги, Симпанг жана Мердека аймактарында күлдүн сапырылуусунан улам элди бет кап тагуу боюнча эскертти.  

400 жылга жакын убакыттан кийин 2010 -  жылы кайрадан кыймылга өткөн Синабунг жанар тоосунда 2014 – 2016 -  жылдары болгон жарылууларда 23 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар