Индияда учак экиге бөлүнүп кетти

Учакта 184 жүргүнчү менен экипаждын 7 мүчөсү болгон.

1469144
Индияда учак экиге бөлүнүп кетти

Индиянын Керала штатында коноор маалында тилкеден чыгып кетип экиге бөлүнгөн учакта 15 адам каза болду.

NDTV каналынын жаңылыктарына караганда, Дубай-Кожикоде каттамын аткарган жана 184 жүргүнчү менен экипаждын 7 мүчөсү болгон учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.40та Каликут аэропортуна коноор маалында тилкеден чыгып кетти.

Окуядан 15 адам каза тапты.

Учкучтардын бирөөнүн да каза тапкандардын арасында экендиги кабарланды.

Ооруканага жеткирилгендердин айрымдарынын абалы оор экендиги маалым болду.



Тектеш кабарлар