Йемендеги сел адамдардын өмүрүн алды

Селдин айынан 14 адам каза тапты.

1469155
Йемендеги сел адамдардын өмүрүн алды

Йемендин борбор шаары Сана жана Римеде катуу жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп 14 адам каза тапты.

Жергиликтүү маалымат булактарына караганда, Риме облусуна караштуу Эль-Каферие жана Эль-Жебин райондорунда селден улам эки үйдүн кыйрап калышынан 6сы аял 11 адам каза болду.

Хусийлерге караштуу Сана губернатору Хаммуд Убад болсо Эль-Месира телеканалына берген маегинде, шаарда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Некам аймагындагы Эс-Седд кыштагын суу каптап андан 3 адамдын каза болгонун айтты.

Убад нөшөрлүү жаандан улам байланыш жана интернет кызматтары бузулганын айтты.

Йемендин чыгышындагы Мариб облусунда 4-августта катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп 17 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар